Pamir Nomad компаниясы 8 жыл мурун Памир-Алай аймагында эл аралык саякатчылар үчүн жогорку деңгээлдеги экспедицияларды жана треккингди уюштуруу максатында негизделген.
Убакыт өткөн сайын биз ишенимдүү жана таанымал Борбордук Азия брендине айландык, Кыргызстан гана эмес, өзбекстан жана Тажикстан боюнча туолуктуру туларды сунуштайбыз.
Сапат, эксклюзивдүүлүк жана чыныгы жергиликтүү тажрыйба. Ар бир Pamir Nomad маршруту эл аралык стандарттарга ылайыкталып, кылдат пландаштырылган жана уюштурулган.
Жергиликтүү коомдор үчүн чыныгы пайда, табиятты жана маданий мурасты сактоо.
Биз туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризм принциптерин тутабыз жана жергиликтүү үй-бүлөлөр менен түздөн-түз иштейбиз.
Биз Памир-Алай, Тянь-Шань, Фан тоолору жана Памир тоолорунда ар кандай татаалдыктагы треккингдерди уюштурабыз. Маршруттар эксклюзивдүү багыттарды, жетүү кыйын өрөөндөрдү, альп көлдөрүн жана бийик тоо ашууларын камтыйт.
Улуу Жибек жолу, салттуу кыргыз кыштактары, көчмөн турмуш, улуттук аш-тарап жана гастрономиялык тажрыйбалар.
Дүйнөдөгү эң уламыштуу жолдордун бири боюнча саякат: Ош – Мургаб – Хорог – Душанбе 4×4 автомобилдери менен жана тажрыйбалуу айдоочулар менен.
Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан. Биз чек ара өтүү логистикасын, уруксаттарды расмийлөөнү жана маршруттарды уюштурууну толук көзөмөлдөйбүз.